Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-январы № 4338-VI
2021-жылдын 27-январында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 27-январында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Н.Т. Каримов – КСДП парламенттик фракциясынан;
А.Т. Бердиев – “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынан;
Б.Б. Кенжебаев – “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;
Н.И. Арзыбаев – “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан;
Э.С. Тагаев – “Бир Бол” парламенттик фракциясынан;
Н.В. Никитенко – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан.
Төрага | А.К. Касымалиева |