Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 4336-VI
2021-жылдын 27-январында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 21-январында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
С.М.Джураев - КСДП парламенттик фракциясынан;
А.Т.Бердиев - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
Б.Нурдинов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Н.И.Арзыбаев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Э.С.Тагаев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
Төрага | А.Касымалиева |