Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-марты № 3636-VI
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3414-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3414-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-пункттар менен толукталсын:
"3-1. Тартылган эксперттердин эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басарынын эмгек акысынын деңгээлинде акы төлөө өлчөмү белгиленсин жана ушул комиссиянын ишинин мезгилине 2020-жылдын 13-январынан тартып эмгек келишими түзүлсүн.
3-2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылга сметасында кошумча акча каражаттарын карасын жана тартылган эксперттердин ишине акы төлөө жана иш сапардык чыгашалар үчүн "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө эске алсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |