Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-январы № 4346-VI
"Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 19-июнундагы № 345 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2019-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжалары боюнча белгиленген кемчиликтерди жана бузууларды четтетсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2021-жылдын мартында маалымат берсин;
- бюджетке келип түшүүлөрдү көбөйтүү максатында, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер менен сооданын жана үчүнчү өлкөлөрдөн аткезчилик кылуу менен күрөшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу алып келинүүчү жана алып өтүлүүчү эсепке алынбаган товарларды айкындоо жана аларга бөгөт коюу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы контролдук иш-чаралардын натыйжалуулук деңгээлин жогорулатсын, мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна жана сарамжалдуулугуна, бюджеттин резервдерин мүмкүн болуучу көбөйтүүлөргө баа берүүгө жана алардын министрликтер жана ведомстволор тарабынан чыгымдалышын негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө багытталган ишмердикти күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аларга өткөрүп берген материалдар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты 2021-жылдын мартында берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |