Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-февралы № 4403-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1708-IV токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1708-IV токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
IV бөлүмдүн биринчи абзацында:
-“үч жыл” деген сөздөр “беш жыл” деген сөздөргө алмаштырылсын;
-үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөр алып салынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.К. Касымалиева |