Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-февралы № 4389-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Ж. Турдумамбетовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Ж. Турдумамбетов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1 пункттун 8-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«О.Ж. Турдумамбетов – «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан;».
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.К. Касымалиева |