Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-февралы № 4380-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай маселелер;
“Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин төрагасы Э.Ж. Байбакпаевдин отчёту тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө.
Төрага | Н.О. Сыдыгалиев |