Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 04-февралы № 4381-VI
2021-жылдын 4-февралында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 4-февралында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
С.М. Джураев – “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” парламенттик фракциясынан;
А.Т. Бердиев – “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынан;
У.Ч. Садиков – “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;
Н.И. Арзыбаев – “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан;
Э.С. Тагаев – “Бир Бол” парламенттик фракциясынан;
Э.Т. Токтошев – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан.
Төрага | Н.О. Сыдыгалиев |