Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-февралы № 4378-VI
"2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2020-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган, "2020-жылдык 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикирине макулдук берилсин жана четке кагылды деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |