Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-январы № 4352-VI
Депутат Сыдыгалиев Нурбек Омурбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча депутат Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 16-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төртүнчү абзацта "Бакиров Мирлан Исакбекович" деген сөздөр "Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. "Депутат Бакиров Мирлан Исакбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2093-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| А.К. Касымалиева |