Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-декабры № 4262-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын;
Ормонов Улугбек Зулпукарович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
2. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Ормонов Улугбек Зулпукарович жана Назаров Айтмамат Кошоевич "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетиндеги Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
1.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
М.И. Бакиров |