Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-февралы № 4421-VI
Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы "Вертекс Голд Компани" ЖЧКын ишин, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоо-кен өнөр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика Ата-Журт" парламенттик фракциясынын 2021-жылдын 17-февралындагы № 424 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы "Вертекс Голд Компани" ЖЧКын ишин, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоо-кен өнөр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын ар тараптуу иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
А.Э.Самигуллина
Н.Т.Каримов
М.Б.Эгембердиев
Ч.Ч.Урумкалиева - "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан;
Т.У.Жоробеков
С.А.Келдибаев
А.К.Карыбеков - "Республика Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;
А.А.Турсунбаев
Б.Б.Кенжебаев - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
О.Ж.Турдумамбетов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Э.С.Тагаев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
С.К.Нышанов - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
2. Комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үч айлык мөөнөттө маалымдасын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Т.Т. Мамытов |