Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-марты № 4449-VI
Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы «Вертекс Голд Компани» ЖКЧ ишин, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоо-кен өнөр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 552- VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы жөнүндө жобого жана Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы «Вертекс Голд Компани» ЖКЧ ишин, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоо-кен өнөр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын 2021-жылдын 3-мартындагы № 1 протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробеков Тариел Улукбекович убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович- төраганын орун басары болуп шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |