Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4 марты № 4445-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай маселелер;
“Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Өз каалоосу боюнча Бокоев Каныбек Абдираевичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Өз каалоосу боюнча Базаралиева Анархан Мамбетовнанын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” ЖЧК ишин, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоо-кен өнөр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы тууралуу;
Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы.
Төрага | Т.Т. Мамытов |