Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 4454-VI
Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаачылык жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаачылык жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри А.С. Джаныбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаачылык жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
-республикада 2021-жылдын жазгы-талаачылык жумуштарын өз убагында жана ийгиликтүү жүргүзүү үчүн дыйкан, фермердик чарбаларды, жеке секторду зарыл көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер, химикаттар жана сапаттуу үрөндөр, жеңилдетилген кредиттер, зарыл жабдуулар, механизмдер менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
-айыл чарба техникасын жана жабдууларды учурдагы техникалык оңдоону жана даярдоону камсыз кылсын;
-айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурсун, жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча чараларды көрсүн;
- айыл аймактарынын жана башка чарбакер субъекттердин тейлөөсүндөгү ички чарбалык ирригациялык тутумдарды вегетациялык мезгилге карата өз убагында даярдоону камсыз кылсын;
-Киров суу сактагычын курууда суу басып калган үч калктуу конуштун жерлери үчүн коңшу сууну пайдалануучу-мамлекеттерден компенцасия катары 100 млн. сом өлчөмүндө ар жылдык төлөмдөрдү камсыз кылуу, ошондой эле ушул регионду өнүктүрүү үчүн түзүлгөн фонд аркылуу бул каражаттарды максаттуу пайдалануу тууралуу маселени карасын;
-суу сактагычтардан коңшу мамлекеттерге жиберилүүчү сууну товар катары берүү жөнүндө маселени карасын;
-2021-жылдын I кварталында республиканын ирригациялык тутумун учурдагы жана капиталдык оңдоо жүргүзүү үчүн арналган бюджеттик каражаттарды 2019-жылга республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын деңгээлинде толук көлөмдө каржылоону камсыз кылсын;
-республиканын региондорунда чарбалар аралык жана ички чарбалар аралык түйүндөрдүн абалын иликтесин жана аларды калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
-учурдагы жылдын мартынан тартып айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн банктар аркылуу берилүүчү жеңилдетилген жеткиликтүү кредиттер менен каржылоо маселесин чечсин;
-“Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоору боюнча кредиттик портфелдин көлөмүн 6,0 млрд. сомго чейин көбөйтүү тууралуу маселени карасын;
-айыл чарба тармагына колдоо көрсөтүү үчүн Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунан айыл чарбасына каралган 200 млн. АКШ долларын “Айыл Банк” ААК жана “РСК Банк” ААК которуу жөнүндө маселени карасын;
-жазгы-талаачылык жумуштары үчүн зарыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөөндөрүнүн кондициясын жогорулатуу боюнча ишке көңүл бурсун;
-жазында отургузуу үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө зарыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөөндөрүн дотациялык тутум аркылуу берүү үчүн республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө маселени чечсин;
-клейковинасы төмөн буудайды товар өндүрүүчүлөр тарабынан “Карабалта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына кайра иштетүүгө өткөрүп берүү жөнүндө маселени карасын;
-республиканын кайра иштетүүчү ишканаларын инвентаризациялоону жүргүзсүн жана алардын ишин кайра жандандыруу маселесин карасын;
-айыл чарба продукцияларын сактоо жана сатуу үчүн арналган логистикалык борборлорду түзүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;
-Талас областында жүгөрүнү кайра иштетүүчү ишкананын курулушун аяктасын;
-мал чарба продукциясын – жүндү, терини жана субпродуктуларды кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүү жөнүндө маселени карасын;
-айыл чарба тармагында илимий изилдөөлөрдү тийиштүү деӊгээлде жүргүзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө маселени чечсин;
-жазгы-талаачылык жумуштарын жүргүзүү үчүн региондордо атайын штабдарды уюштурсун, алардын ишин контролдоону жүзөгө ашырсын, селектордук кеӊешмелерди өткөрсүн;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду үчүн 2021-жылдын түшүмүнөн 15,0 миӊ тоннадан ашык буудайды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу маселесин чечсин;
-айыл чарба жерлерин инвентаризациялоонун жыйынтыктарын чыгарсын жана жаӊы жерлерди Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна киргизсин;
-республиканын бардык региондорунда жайыттардын геоботаникалык абалын текшерүү боюнча иштерди бүткөрсүн;
-айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеӊешке киргизсин;
-региондордо айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун сактоо максатында жеке сектордун малын айылдын четиндеги жана алыскы жайыттарга айдап жеткирүүнү контролдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
-Сууну пайдалануучулардын аймактык ассоциацияларын (СПА) райондук суу чарба башкармаларынын карамагына (РСЧБ), жайыт комитеттерин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын карамагына (РАӨБ), Сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерин (СКАКБ) – айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө маселени карасын;
-2040-жылга чейинки мезгилде Токой тармагын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
-республика үчүн мөмөлүү жана көп жылдык дарактардын көчөттөрүн өстүрүү үчүн заманбап эки күнөскана уюштуруу маселесин карасын;
-республиканын бүткүл аймагында көп жылдык дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузуу, алардын сугаруу тутумун уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн;
-мартта жана апрелде шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча ишембиликтерди өткөрсүн;
-өткөрүлгөн иштин натыйжалары жөнүндө 2021-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т. Мамытов |