Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 3-марты № 4444-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Ч.Исмаиловду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Ч.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"У.Ч.Исмаилов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;".
3. Депутат У.Ч.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункт "Исмаилов Уланбек Чекишевич - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан" деген абзац менен толукталсын;
2-пунктунда "Сабиров Максат Эсенович - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктунда "Самат Гульнара-Клара - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр алып салынсын;
5-пунктунда "Исмаилов Уланбек Чекишевич - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр алып салынсын;
7-пунктунда "Гайпкулов Искандер Торобаевич - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр алып салынсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.О. Сыдыгалиев |