Редакцияот 11.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

2021-жылдын 11-марты № 4461-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманова Бурун Кушбековнанын анты;

Ар кандай маселелер;

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов