Редакцияот 11.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 11-марты № 4462-VI

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын талапкерлигин киргизсин:

О.А.Алыбаев - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Н.И.Арзыбаев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;

А.К.Бешимбаева - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

А.У.Жапаров - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;

А.Т.Мамашова - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан;

А.Ш.Осмонова - "КСДП" парламенттик фракциясынан;

- тендердик комиссиянын иштөөсү үчүн белгиленген тартипте талаптагыдай шарттарды камсыз кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Мамытов