Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 31-марты № 4489-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору С.К. Осмоналиевдин “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, инспекция тарабынан мыйзамдын толук аткарылбаганын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору С.К. Осмоналиевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын канааттандыраарлык эмес аткарылганы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жогоруда көрсөтүлөн мыйзамга ылайык жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо тутумунун (ЖИБТ) электрондук базасына маалыматтарды киргизүү боюнча иштерди жакшыртсын, анын ишин туруктуу контролдоону камсыз кылсын;
-айылдык аймактарды интернет байланышы менен камсыз кылуу, ошондой эле жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу максатында мүйүздү ири малды жана жылкыларды кармоо үчүн “расколдорду” орнотуу маселесин карасын;
-айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүн идентификациялоо боюнча иштерди мыйзамга ылайык өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылсын;
-жаныбарларды экспорттоодо жана импорттоодо мамлекеттик ветеринардык контролдоо жана Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу ооруларды козгоочуларды алып келүүдөн коргоо иштерин контролго алсын жана күчөтсүн;
-жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо тутумун (ЖИБТ) ыкчам башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу тууралуу маселени карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө 2021-жылдын 1-сентябрына чейин маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев
|