Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 31-марты № 4482-VI
Г.У. Калиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Калиева Гульбара Утюровна кызмат ордунан убактылуу четтетилсин.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |