Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-апрели № 4518-VI
“Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4366-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4366-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун 5 жана 6-абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Сатыбеков Мелис Бакытович - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору;
- Тавашаров Эркин Казбекович - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетикалык, кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын директору”.
Төрага | Т.Т. Мамытов |