Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 6-майы, № 4544-VI
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын жабыр тарткан тургундарына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасындагы куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө жабыр тарткан Баткен областынын калкына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ар биринин эмгек акысынан 25 000 (жыйырма беш миң) сом ө043Bомүндө акчалай сумма кармалсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |