Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-сентябры № 915-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү КСДП парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары чыгарылсын:
Каримов Нодирбек Тохтосинович - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин курамынан;
Алтыбаева Айнуру Тойчиевна - Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин курамынан.
2. Төмөндөгү КСДП парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары киргизилсин:
Каримов Нодирбек Тохтосинович - Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына;
Алтыбаева Айнуру Тойчиевна - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына;
Эгембердиев Максатбек Бакирович - Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1-пунктча төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Алтыбаева Айнуру Тойчиевна - КСДП парламенттик фракциясынан;";
- 2-пунктчанын экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелинсин;
- 3-пунктчанын жетинчи абзац күчүн жоготту деп эсептелинсин;
- 8-пунктча:
төмөндөгүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Каримов Нодирбек Тохтосинович - КСДП парламенттик фракциясынан;";
төмөндөгүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Эгембердиев Максатбек Бакирович - КСДП парламенттик фракциясынан.".
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|