Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-ноябры № 1104-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр чыгарылсын:
"Бир Бол" депутаттык фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин курамынан;
"Бир Бол" депутаттык фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамынан.
2. Төмөнкүлөр киргизилсин:
"Бир Бол" депутаттык фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына;
"Бир Бол" депутаттык фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин курамына.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|