Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы № 1328-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр чыгарылсын:
"Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан - депутат Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин курамынан;
"Бир Бол" парламенттик фракциясынан - депутат Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамынан;
КСДП парламенттик фракциясынан - депутат Исаков Музаффар Ахматходжаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамынан.
2. Төмөндөгү депутаттар киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин курамына:
Исаков Музаффар Ахматходжаевич - КСДП парламенттик фракциясынан;
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына:
Карашев Аалы Азимович - КСДП парламенттик фракциясынан;
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|