Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-апрели № 4506-VI
“Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т. Алтыбаева, А.Ш. Осмонова, А.А. Карашев, А.А. Аскарова, А.Т. Мамашова, М.Э. Мавлянова, Е.Г. Строкова, Н.В. Никитенко, К.Б. Орозова, Н.К. Алимбеков, Н.Т. Каримов, Р.Ч. Момбеков демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине киргизсин.
Төрага | Т.Т. Мамытов |