Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну № 1682-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына жайгаштырылган ишканалардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын отчету жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына башка уюмдарды же алардын менчиктерин жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3988-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына жайгаштырылган ишканалардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын отчету эске алынсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына башка уюмдарды же алардын менчиктерин жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3988-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Жогорку Кеңешине" деген сөздөр "Жогорку Кеңешинин Төрагасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-пунктта "Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетине (А.Т.Алтыбаева)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын ишине кураторлук кылган орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |