Редакцияот 28.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 28-апрели, № 4538-VI

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С. Бейшеналиевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө

COVID-19 жаӊы коронавирус инфекциясынын пандемиясы өлкөбүздүн социалдык чөйрөсүндөгү көптөгөн мүчүлүштүктөрдү ачып көрсөттү, адамдардын өлүмүнө жана республиканын экономикасынын кризисине алып келди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине пандемиядан улам келип чыккан жана байланышкан медициналык кызматкерлерге белгиленген компенсациялардын төлөнүп берилбегени, эмдөө маселелери, кадрлардын жетишсиздиги, гемодиализдик кызмат көрсөтүүлөрдүн жетишсиздиги сыяктуу чечилбеген көйгөйлөр жөнүндө медициналык кызматкерлерден жана жарандардан көптөгөн даттануулар жана арыздар түшүп жатат. Covid-19 коронавирусун дарылоодо пациенттерге клиникалык сыноолордон өткөрүлбөгөн ыкмалар билдирилбестен колдонулуп жатат.

Түзүлгөн оор кырдаалга карабастан, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С. Бейшеналиев чечилбеген көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйналыштарына бир нече жолу чакырууларды тоготкон эмес. Коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну күчөшү саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү  абалды мындан да курчутуп, коомдук жашоодо эӊ начар натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдиновичти ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени кароо тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Т.Мамытов