КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-апрели, № 4539-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2021-жылдын 28-апрелинде Баткен областындагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон куралдуу кагылышуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 4534-VI токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |