Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-апрели, № 4537-VI
2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик программа бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик программаны аткарылыш жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жыл сайын берип турсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттерине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |