Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3420-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" N 3206-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын убакыт аралык маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Абдиевдин убакыт аралык маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:
- 2013-жылдын республикалык бюджетинин "капиталдык салымдар" беренесинин каражатынын эсебинен каржылануучу Баткен областы боюнча жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна каржылоону жана жасалып жаткан оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн контролго алуу;
- Баткен областынын чек ара аймактарында жашаган калктын коопсуздугун ар тараптуу жана жеткиликтүү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасы менен Тажикстан жана Өзбекстан Республикалары чектешкен чек араны тактоо, делимитация жана демаркация боюнча пландуу жана алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүү;
- көрүлгөн чаралардын натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ай сайын (айдын башында) маалымдоо.
3. Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2013-жылдын 15-сентябрына чейин узартылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (А.Баатырбеков), Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.Келдибеков) жүктөлсүн.
Төрагасы | А. Жээнбеков
|