Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы № 1503-V
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Э.Ж.Алымбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|