Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-январы № 878-IV
2008-жылдын 14-февралындагы № 177-IV "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 14-февралындагы № 177-IV "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) "Малайзия Мамлекети, Филиппиндер Республикасы, Сингапур, Индонезия, Таиланд жана Вьетнам Мамлекети менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык тобунун курамы" тиркемеси:
- "19. Орзубек Пулетович Назаров" деген саптан кийин "20. Иса Шейшенкулович Өмүркулов" деген сап менен толукталсын;
- 20-26 номерлери 21-27 номерлери деп эсептелсин;
2) "Сауд Аравия Королдугу, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт Мамлекети жана башка араб өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык тобунун курамы" тиркемесинде:
- "27. Иса Шейшенкулович Өмүркулов" деген сап алынып салынсын;
3) "Түштүк-Африка Республикасы жана башка африкалык мамлекеттер менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык тобунун курамы" тиркемесинде:
- "7. Иса Шейшенкулович Өмүркулов" деген сап алынып салынсын;
4) "Америка Кошмо Штаттары жана Канада менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык тобунун курамы" тиркемеси:
- "22.Динара Автандиловна Молдошева" деген саптан кийин "23. Иса Шейшенкулович Өмүркулов" деген сап менен толукталсын;
- 23-37 номерлери 24-35 номерлери деп эсептелсин;
5) "Израиль мамлекети менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобунун курамы" тиркемеси:
- "2. Айнур Абдурасуловна Кенжебаева" деген саптан кийин "3. Иса Шейшенкулович Өмүркулов" деген сап менен толукталсын;
- 3-7 номерлери 4-8 номерлери деп эсептелсин.
Төраганын орун басары | Ч. Баекова
|