Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-февралы № 939-IV
2009-жылдын 5-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2009-жылдын 5-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Балыктын Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кан жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2008-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоонун жана санитариянын" сунушталган экинчи долбоорун даярдоого аванс (N Q6250-KG долбоорун даярдоого аванс) төлөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2006-жылы 5-сентябрда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түрк Республикасынын ортосунда жарандык, коммерциялык жана жазык иштери боюнча укуктук жардамдашуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2008-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында кол коюлган мамлекеттик коргоого алына турган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара аракеттениши жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төрага | А.Тагаев
|