Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-июну № 4629-VI
"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын 2021-жылдын 28-майындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени ар тараптуу иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
С.К.Ибраев,
М.Б.Эгембердиев - "Кыргызстан социал демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан;
М.А.Маматалиев,
А.К.Кемелов - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
С.С.Анарбаев,
У.Ч.Садиков - "Кыргыстан" парламенттик фракциясынан;
У.Ч.Исмаилов,
М.А.Абдалиев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
А.Ж.Токтомамбетов,
Н.М.Мурашев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Б.К.Аманова,
Ш.И.Абдылдаев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өз ишинин натыйжалары жөнүндө маалымдасын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |