Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-июну № 4628-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбаев Осконбай Сатыбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Жээнбаев Осконбай Сатыбаевич - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;";
9-пункттун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Т.Т. Мамытов |