Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июну № 4614-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Акматов Алмасбек Жумабекович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын;
Рысалиев Зарылбек Кылычбекович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын;
Бакиров Мамасадык Сабирович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-декабры № 2161-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Осмонов Айбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.
Төрага | Т.Т. Мамытов |