Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-июну № 4617-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 3-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 3-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акбаров Арысланбек Акбаровичтин анты;
Ар кандай;
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кредиттик карызды жоюу үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды сатып алуу үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эпидемияга каршы жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине коронавирус инфекциясын (COVID-19) жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлерге жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жолку материалдык жардамды төлөө үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине коронавирус инфекциясына каршы вакцина сатып алуу үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
“Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Бишкек шаарындагы коомдук транспортто түзүлгөн кырдаал жөнүндө;
“Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө.
Төрага | Т.Т. Мамытов |