Загрузка документа…
КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5050- VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-июнундагы № 4683-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4885-VI токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 21-апрелинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) Бекешев Дастан Далабайевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2) Кенжематов Бектурсун Кенжематович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
3) Жапаров Акылбек Усенбекович - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри;
4) Мадумаров Канатбек Маматович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кымбат баалуу металлдар департаментинин директору.
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4885-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |