Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июлу № 4721-VI
«Кыргыз Республикасынын жараны, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-июнундагы № 4664-VI токтомунун аткарылышы тууралуу
«Кыргыз Республикасынын жараны, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-июнундагы № 4664-VI токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине Укук коргоо органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетечилеринин жеке жоопкерчилигин кароо сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтаруу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы инсандын жана коомдун коопсуздугун, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүүчү ишин, Кыргыз Республикасынын эгемендигине укукка каршы кол салууларын табууну, алдын алууну жана болтурбоону камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т. Мамытов |