Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-июну № 4697-VI
Кыргыз Республикасынын башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору демилгелеген (2021-жылдын 11-июнундагы кир. № 6-2-21/64) Кыргыз Республикасынын
башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн кодекстин долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн кодекстин долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |