Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-июлундагы № 4725-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 19-майында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
Рыспаев Кожобек Джайчыбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы;
Садыков Канатбек Рахманбердиевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Сатыбеков Мелис Бакытович – Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Мамлекеттик геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин директору.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Т.Т. Мамытов |