Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-июну № 4635-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Бир Бол" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары төмөнкү комитеттердин курамына киргизилсин:
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына;
Акбаров Арысланбек Акбарович - Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамына.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- "Исманов Самат Жекшеналиевич" деген сөздөрдөн кийин "- "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пункт "Койчуманов Мээримбек Нурбекович" деген сөздөрдөн кийин "- "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктунда:
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан";
- "Сырдыбаев Нурлан Муратбекович" деген сөздөрдөн кийин "- "Өнүгүү Прогресс" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пункт "Бердиев Аккулу Тагаевич" деген сөздөрдөн кийин "- "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктунда:
- "Анарбаев Султанбек Сатыбалдиевич" деген сөздөрдөн кийин "- "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
-"Карыбеков Арзыбек Кенжекулович" деген сөздөрдөн кийин "- "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
7-пункт "Арзыбаев Ниязбек Ирашевич" деген сөздөрдөн кийин "- "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
8-пунктунда:
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Айдаров Нургазы Абдыраевич - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Акбаров Арысланбек Акбарович - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан";
- алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- "Кенжебаев Байгазы Бобунович" деген сөздөрдөн кийин "- "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Садиков Улугбек Чирмашович" деген сөздөрдөн кийин "- "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович" деген сөздөрдөн кийин "- "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
9-пунктунда:
- "Жолдошбаев Камчыбек" деген сөздөрдөн кийин "- "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Молдалиев Сталбек Уметкулович" деген сөздөрдөн кийин "- "КСДП парламенттик фракциясынан" деген сөздөр менен толукталсын".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |