Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-июну № 4656-VI
Эл аралык стандарттардын талаптарын сактоо менен таза кандуу жана асыл тукум жылкыларды каттоо (эл аралык сертификациялоо) жана эсепке алуу тутумун киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы таза кандуу жылкы чарбасынын терең тарыхы жана өлкөнүн экономикасына олуттуу дем берүү, анын ичинде туризмди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу үчүн келечеги бар.
Ушуга байланыштуу таза кандуу жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү, республикада болгон генетикалык ресурстарды сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатында ишти жигердендирүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдөн жогорку класстагы таза кандуу жана асыл тукум жылкыларды алып келүү үчүн дем берүүгө жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болуучу укуктук, уюштуруучулук, каржылык жана башка шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1. Таза кандуу жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү боюнча өзүнө төмөнкү маселелерди камтыган мамлекеттик программаны үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын:
- азыркы шарттарга адаптацияланган таза кандуу жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүүнүн мыйзамдык жана ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү;
- таза кандуу жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү, эл аралык ат чабыштарды өткөрүү жана генетикалык ресурстарды түзүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну эсепке алуу чөйрөсүндөгү глобалдуу интеграциялык процесстерге Кыргыз Республикасынын толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү жаатында эл аралык кызматташтыкты орнотуу;
- таза кандуу жана асыл тукум жылкылардын селекциясында дүйнөлүк генетикалык ресурстарды, прогрессивдүү технологияларды жана дүйнөлүк практиканын жетишкендиктерин кеңири пайдалануу.
2. Асыл тукум ишинин субъекттеринде максатка багытталган селекциялык ишти жүргүзүү, асыл тукум материалын өстүрүү жана кеңири жайылтуу боюнча анын ишин жакшыртуу үчүн, ошондой эле чет өлкөлөрдөн таза кандуу жана асыл тукум жылкыларды алып келүү үчүн шарттарды түзсүн.
3. Эл аралык стандарттардын талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасында таза кандуу жана асыл тукум жылкыларды каттоо (эл аралык сертификациялоо) жана эсепке алуу тутумун киргизүү планын эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын.
4. Асыл тукум жылкы чарбасын көбөйтүүнү, сатууну жана сертификаттоону жүзөгө ашыруучу башка өлкөлөр же уюмдар менен маалыматтарды алмашуу максатында Кыргыз Республикасында бардык таза кандуу жана асыл тукум жылкылардын бирдиктүү асыл тукум базасын (МАК - Мамлекеттик асыл тукум китебин (СТУДБУК) түзсүн.
5. Кыргыз Республикасында дүйнөдө таанылган стандарттар боюнча эл аралык ат-спорт оюндарын (ат чабыштарды) өткөрүү жөнүндө сунушту карасын жана киргизсин.
6. Кыргыз Республикасында ат майдандарын сактоону жана аларды багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылсын.
7. Бекитилген республикалык бюджеттин алкагында эл аралык стандарттарга ылайык тиешелүү документтерди берүү укугу менен, таза кандуу жылкыларды аныктоочу адистерди окутуу жана даярдоо үчүн каржылык каражаттарды бөлүү жөнүндө маселени карасын.
8. Көрүлгөн чаралар жөнүндө 2021-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
Төрага | Т.Т. Мамытов |