Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-июну № 4667-VI
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматовдун Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматовдун Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнундө отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык бюджеттин аткарылышынын аудитинин натыйжаларында табылган жоготуулардын республикалык бюджетке толук ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын аткарууга карата талаптарды жогорулатуучу тиешелүү мыйзам актысын киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы аудитинин жүрүшүндө табылган бузуулар жөнүндө өткөрүлүп берилген материалар боюнча иштердин натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- бюджеттик мыйзамдарды сактоо, республикалык бюджеттин каражаттарын сапаттуу түзүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча аудитордук иш-чаралардын сапатын жакшыртуу боюнча ишти улантсын;
- аудиттин натыйжалары боюнча табылган финансылык бузуулардын жана жоготуулардын суммаларын мамлекеттик бюджетке ордун толтуруу боюнча ишти күчөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткаралышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т. Мамытов |