Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-июну № 3865-VI
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2019-жылдагы иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу
"Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2019-жылдагы иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2019-жылдагы иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын "Алтын фондун сактоо үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карасын.
3. Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасы жыл сайын I кварталда Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын финансылык-чарбалык ишин текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук иш планына киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:
- мезгилдин талаптарына жана чакырыктарына ылайык, корпорациянын редакциялык саясатын өркүндөтүү, социалдык-экономикалык маселелерди, ар түрдүү көз караштарды чагылдыруу боюнча актуалдуу, курч сюжеттүү телерадио программаларды уюштуруу боюнча чараларды көрсүн;
- өлкөдөгү коомдук жана саясий окуяларды объективдүүлүк, аныктуулук жана адилеттүүлүк принциптерине ылайык чагылдырууну камсыз кылсын;
- эл аралык стандарттарга жооп берген ата мекендик контентти жакшыртуу боюнча, балдарга билим жана тарбия берүүчү көрсөтүүлөрдү өндүрүү боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эфирдик убакытты белгиленген тарифтерди төлөгөндөн кийин берсин;
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчетту "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын финансылык жана чарбалык ишинин ар жылдык милдеттүү тышкы аудитинин жүргүзүлүшүн контролго алсын;
- кабыл алынган чечимдерди контролдоону камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |