Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июну № 3888-VI
"Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Мамашова, А.Т.Алтыбаева, Г.К.Асылбаева, Д.Ш.Исаева, А.Ж.Исмаилова, И.Ю.Карамушкина, А.К.Касымалиева, А.С.Кодуранова, М.Э.Мавлянова, Г.С.Молдобекова, Ж.А.Мусабекова, Н.В.Никитенко, А.Ш.Осмонова, К.Б.Орозова, Самат Гульнара-Клара, А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова, Э.Ж.Сурабалдиева, А.А.Аскарова демилгелеген "Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |