Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июну № 3964-VI
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту сактоо жана "COVID-19" коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу экономикалык туруктуулукка терс таасирин төмөндөтүүгө өбөлгө түзүү боюнча чараларды көрсүн;
2) экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана чакан жана орто ишкердик субъекттеринин ишин колдоо боюнча чараларын көрсүн;
3) Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программанын алкагында иш-чараларды ишке ашырууну улантсын;
4) администрациялык укук бузуу протоколун тариздеген жерде жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн POS-терминалдар аркылуу айып төлөмдөрүн төлөөнү ишке ашырсын;
5) Кыргыз Республикасынын региондорунда банктык жабдууларды орнотуу ишин активдештирсин;
6) улуттук валютадагы төлөмдөрдүн көбөйүшүнө жана экономиканы долларлаштыруу деңгээлинин мындан ары төмөндөшүнө өбөлгө түзсүн;
7) 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча бекитилген программанын (экинчи этап) алкагында иш-чараларды ишке ашырууну улантсын;
8) мобилдик телефондун жардамы менен штрих-код (QR-код) аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү ишин тездетсин;
9) банктык төлөм карттары жана электрондук акчалар аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө мүмкүнчүлүгүнө карата керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүгүндө соода-тейлөө ишканаларына мониторингди жооптуу мамлекеттик министрликтер жана ведомстволор/кызматтар менен биргеликте туруктуу негизде жүргүзсүн;
10) накталай эмес төлөмдү жүргүзүүчү жабдуунун жоктугу үчүн же сатып алуучуларга накталай эмес жол менен товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштоодон баш тарткандыгы үчүн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге айып салуу каралган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарын киргизсин;
11) жооптуу мамлекеттик министрликтер жана ведомстволор/кызматтар менен биргеликте накталай чет өлкө валютасын алмашуу чөйрөсүндө мыйзамсыз (лицензиясыз) ишкердик ишке бөгөт коюу үчүн чараларды туруктуу көрсүн;
12) "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун ишке ашырылышын колдоо үчүн насыялык аукциондордун алкагында банктарды кайра каржылоо үчүн берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторингди жүзөгө ашырсын;
13) Өкмөттүн жана Улуттук банктын акча-насыя жана бюджет-салык саясаты маселелери боюнча иштерин координациялоону улантсын;
14) финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн финансылык ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында "Кепилдик фонд" ААКтын уставдык капиталын 3 млрд. сомго чейин көбөйтүү чараларын улантсын;
15) Коммерциялык банктар насыя каражаттарын алыша турган Улуттук банктын эсептик ставкасынын бөлүгүн Өкмөт тарабынан субсидиялоо менен жайгаштыруу көлөмү он миллиард сомдон кем эмес насыялык аукциондорду өткөрсүн;
16) аралыктан/байланышпастан төлөм жүргүзүү ыкмаларын (электрондук капчыктар, QR-коддорду пайдалануу менен төлөө, мобилдик тиркемелер ж.б., мобилдик банкинг, интернет-банкинг, байланышсыз төлөө карттары жана д.у.с.) пайдалануу аркылуу соода-тейлөө ишканалары тарабынан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн калктан (бизнес-сектордон) төлөм кабыл алууну (же соода-тейлөө ишканаларынын төлөм кабыл алуусуна дем берүүнү) камсыз кылсын;
17) бизнес-сектордун товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн аралыктан/накталай эмес төлөмдү пайдалануу ыкмаларына дем берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) банк тутумунун натыйжалуу иштөөсүн жана маалыматтык маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, тутумдарды жана технологияларды өркүндөтүү зарылчылыгын эске алуу менен, сарптоолордун максатка ылайыктуулугунун жана негиздүүлүгүнүн принциптерин сактоо менен административдик чыгашаларды түзсүн;
2) баа туруктуулугун колдоо үчүн чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылсын;
3) орто мөөнөттүк мезгилде инфляция деңгээлин 5-7 пайыздардын чегинде кармап туруу максатында тиешелүү акча-насыя саясатын жүргүзсүн;
4) өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режим принциптерине таянсын жана алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жеңилдетүү максатында интервенцияларды жүргүзсүн;
5) экономиканы насыялоону кеңейтүү жана Кыргыз Республикасында экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу боюнча ишти улантсын;
6) дүйнөлүк финансы рынокторунун абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, чет өлкөлүк контрагент-банктардын финансылык абалына көз салуу жана дүйнөлүк финансы рынокторундагы кырдаалдын өзгөрүүсүнө карата өз убагында чара көрүүнү жүзөгө ашыруу жолу менен эл аралык резервдердин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти улантсын;
7) эл аралык резервдерди толуктоо максатында, Кыргыз Республикасынын ички рыногунда алтынды улуттук валютага сатып алууну улантсын;
8) эл аралык резервдерди таанымал эл аралык финансы институттарына жана коммерциялык банктарга жайгаштыруу боюнча ишти ликвиддүүлүк жана коопсуздук принциптерин сактоо менен улантсын;
9) банк секторун жана микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегияларынын алкагындагы чараларды кызыкдар тараптар менен биргеликте жүзөгө ашырсын;
10) насыялык тескөө жана көйгөйлүү насыялар менен иш алып баруу бөлүгүндө коммерциялык банктардын ишине натыйжалуу жана өз учурунда көзөмөлдү камсыз кылсын, COVID-19 менен байланышкан чектөөчү чаралардан улам жабыр тарткан карыз алуучулардын насыяларынын сапатына туруктуу мониторинг жүргүзсүн жана банк тутумунун ушул насыялардын сапаты начарлашынан улам болуучу жоготууларды азайтуу боюнча чараларды өз учурунда көрсүн;
11) экономиканы насыялоонун ресурстук базасын көбөйтүү максатында, банк секторуна инвестицияларды тартуу үчүн максаттуу иштерди жүргүзсүн;
12) төлөм жүргүзүү уюмдарын жана төлөм тутумдарынын операторлорун лицензиялоо жана алардын ишин жөнгө салуу боюнча талаптарды күчөтүү жагына кайра карап чыксын;
13) калктын банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн пайдаланууну камсыз кылуу үчүн накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр тутумун өркүндөтсүн;
14) чет өлкөлүк инвесторлор Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы банктарды, чет өлкөлүк банктардын филиалдарын ачууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде консультациялык көмөк көрсөтсүн;
15) банктарда ислам терезелерин ачууда жана банк иши жана каржылоо боюнча ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруучу банктарды ачууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде көмөк көрсөтсүн;
16) алмашуу операцияларынын рыногунда алып-сатарлык чабуулдарга жана таасирлерге жол бербөө максатында, коммерциялык банктар жүргүзгөн казыналык операцияларга, анын ичинде, чет өлкөлүк валюталар менен алмашуу операцияларына натыйжалуу жана өз учурунда көзөмөлдү камсыз кылсын;
17) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоого байланышкан ишти сапаттуу жана өз учурунда жүргүзсүн;
18) карыз алуучунун мүлкүнүн наркын адилет аныктоо максатында, банктар тарабынан күрөө мүлкүн баалоо ишин өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн иликтесин;
19) Депозиттерди коргоо боюнча агенттик менен бирдикте аманаттарды (депозиттерди) коргоо тутумун андан ары өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
4. Улуттук банк төмөнкү багыттар боюнча иштерди улантсын:
20) санариптик валюталарды/активдерди жөнгө салуу зарылчылыгын иликтөө, финансы-насыя уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук базаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү;
21) финансы уюмдарынын ишиндеги тобокелдиктерди баалоого жана алдын алууга багытталган тобокелдик багыттагы көзөмөлдү жүргүзүү инструменттерин жана механизмдерин өркүндөтүү;
22) банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
23) калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, Улуттук банктын акча-насыя саясаты жаатында кабыл алынган чечимдер тууралуу туура түшүнүктөрдү калыптандыруу максатында коомчулукту жигердүү маалымдоо;
24) "COVID-19" коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу, банктык эмес финансы-насыя уюмдарына карата пруденциалдык талаптарды мындан ары жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
25) микрокаржылоо секторунун орто мөөнөттүк стратегиясынын алкагында кызыкдар тараптар менен биргеликте чараларды жүзөгө ашыруу;
26) банктык эмес финансы-насыя уюмдарына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, анын ичинде, алардын финансылык абалына, активдер менен милдеттенмелердин түзүмүнүн өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүү;
27) банктык эмес финансы-насыя уюмдары тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталуусуна мониторингди жүзөгө ашыруу;
28) "Керемет Банк'' ААК боюнча иш-чараларды, анын ичинде, "Керемет Банк" ААКтын социалдык багыттагы ипотекалык насыялоону 750,0 млн. сомго улантуу жана COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жана анын калктын социалдык-экономикалык абалына тийгизген таасирин жеңилдетүү зарылчылыгынын шарттарында ишкердик субъекттерин колдоого жана өнүктүрүүгө насыя берүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
29) Улуттук банк менен коммерциялык банктардын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын аймагына 2018-2022-жылдарда банктык жабдууларды алып келүү жөнүндө" макулдашууну аткаруунун алкагында жана Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2018-2022-жылдарда мамлекеттик программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун алкагында, республика региондорунун географиялык жактан алыс жайгашкандыгын эске алуу менен, банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча төлөм инфратүзүмүн кеңейтүү максатында банктык жабдууларды алып келүү боюнча коммерциялык банктардын милдеттенмелерди аткарышын контролдоо;
30) үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуучу жана төлөм системасынын катышуучулары, ошол процессинг, клиринг борбору тарабынан үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алууну, иштеп чыгууну жана берүүнү (процессинг, клиринг) жүзөгө ашыруучу, ошондой эле алардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келишине текшерүү жүргүзүүчү банктык эмес уюмдардын иштерин лицензиялоо жана аларга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
31) коммерциялык банктардын финансылык абалына, активдердин жана милдеттенмелердин, анын ичинде, алардын валюталык түзүмүнүн өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүү;
32) калктын финансы-насыя уюмдарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын региондорунда банктык продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
33) онлайн-сервис кызмат көрсөтүүлөрүн, накталай эмес эсептешүүлөрдүн формаларын, аралыктан банктык тейлөө (интернет-банкинг, мобилдик банкинг, электрондук жана мобилдик тиркемелер), ошондой эле QR-коддорду пайдалануу аркылуу төлөөлөрдү алдыга илгерилетүү;
34) өлкө аймагында жасалма банкноттордун пайда болуусунун жана жайылуусунун алдын алуу;
35) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоо, атайын жөнгө салуучу режимдерди ишке ашыруу аркылуу шарттарды түзүү;
36) акча массасынын ИДПга карата оптималдуу өлчөмүнө жетишүү жана 2020-жылдын аягына карата монетизациялоо коэффициентин 50 пайызга чейин жеткирүү;
37) коммерциялык банктар жана башка финансы-насыя мекемелери тарабынан берилүүчү насыялардын пайыздык ставкаларын төмөндөтүү.
5. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (ФОЭС) жана аудиттин эл аралык стандарттарын (ЭАС) колдонуу менен аудитти кошуп алганда, жыл сайын аудитти жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдалып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кароосуна киргизсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |