Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-декабры № 4300-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ырастамалары тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым нормаларын колдонууну токтотуп туруу тууралуу" 2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ырастамасы анын ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ болуп саналгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ырастамаларынын колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |