Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2017-жылдын 29-июну № 1805-VI
"Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомун аткаруу жөнүндө
"Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомунун (мындан ары - Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтому) аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри К.А.Бороновдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри К.А.Бороновдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- өзгөчө кырдаалдардын жабыркаган калкка жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды тездетүү;
- социалдык объекттерди курууну ушул жылдын сентябрында бүтүрүү максатында "Мамлекеттик сатып алуулар" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алуулары жүргүзүү;
- коркунучтуу жана көчүрүлүүгө тийиш болгон зоналарда жашаган жарандарды узак мөөнөттөгү жеңилдетилген ссудалар менен камсыз кылуунун суммасын 400,0 миң сомго чейин көбөйтүү жана үйлөрү жер көчкүнүн астында жарандарга республикалык бюджеттен кайтарымсыз финансылык каражаттарды бөлүү маселесин кыска мөөнөттө чечүү;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын эсебинде топтолгон акча каражаттарды, жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган адамдарга токтоосуз бөлүштүрүү жана курулуш иштерин баштоосу тездетүү;
- Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылдык округунун Курбу-Таш айылындагы жана Зергер айылдык округунун Ничке-Сай жана Аюу-Сай айылдарындагы табият кырсыгынан жапа чеккен орто мектептердин имараттарын коопсуз аймактагы жерлерге даярдалган жаңы конуштардын башкы негизинде тургузуу боюнча курулуш иши жүргүзүүнү, ошондой эле ӨКМнын корутундусунун негизинде Алтын-Булак айылдык округунун Кандава айылындагы Б.Монолов атындагы орто мектепти курууну кароо;
- Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагы бөлгөн жер участокторун таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселесин чечүүнү тездетүү;
- жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзүшү мүмкүн болгон табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда коргонуу ыкмаларына жана зарыл аракеттерине калкты (анын ичинде билим берүү уюмдарында) окутуу боюнча чаралардын комплексин жүргүзүүнү активдештирүү, жарандардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камсыздандыруу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү ишин күчөтүү;
- табият кырсыктарынан жапа чеккен айылдарда автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү боюнча жумуштарга тиешелүү маселелерди чечүүнү тездетүү; Куршаб-Жаман-Адыр, Заргер-Аюу-Сай жана Мырзаке-Кара-Шоро автожолдорун, Жазы дарыясы аркылуу өтүүчү Өзгөн-Кеңеш-Айгыржал автожолундагы көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча курулуш иштерине акча каражаттары бөлүүнү контролго алуу;
- жабыркаган үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо максатында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык округунун Курбу-Таш айылындагы жана Зергер айылдык округунун Ничке-Сай жана Аюу-Сай айылдарындагы орто мектептердин быйылкы окуу жылында бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларына кабыл алууну жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына карабастан киргизүү мүмкүнчүлүгүн жана аталган айылдардын азыркы учурда контракттык негизде окуп жаткан жогорку окуу жайлардагы студенттерине жеңилдик берүү маселелерин кароо;
- Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомунун 2-пунктун он бешинчи абзацында каралган тапшырмаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткарбагандыгы белгиленсин жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калкты коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо боюнча чараларды тиешелүү деңгелде камсыз кылбагандыгы үчүн Ош областынын Өзгөн районун жарандык коргонуу штабынын башчысынын жоопкерчилиги кароо.
3. Көрүлгөн иш-чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2017-жылдын 15-сентябрына чейин маалымдасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жана Бюджет жана финансы комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Турсунбеков |